Биз менен байланышыңыз

Максат айылында чатырлар тигилип баштады

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 515 | 0

30-апрелде тажик тараптын куралдуу кол салуусунан кийин үйлөрү толугу менен күйүп кеткен Лейлек районунун Максат айылынын тургундарына бүгүн, 5-майда чатырлар тигилип баштады. Саат 15:00гө карата 5 чатыр тигилди. Буга чейин 2-майда Максат орто мектебинин жанына 3 чатыр тигилип, бирөөсүндө медайымдар медициналык жардам көрсөтүп, экинчисинде жергиликтүү тургундар тамактанып, үчүнчүсүндө эс алып жатышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысы билдиргендей, учурда 10 чатыр тургузулду. Дагы кошумча 40 чатыр тигилет.

Жабыркаган үй-бүлөлөр үйлөрү курулуп бүткөнгө чейин аталган чатырларда жашашат. Азыркы учурда алар туугандарынын, коңшуларынын үйлөрүндө түнөп жатышат.

Ошондой эле жаңы үйлөр болжол менен 2 айдын ичинде курулуп бүтө турганы айтылууда.

Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин берген маалыматы боюнча, жалпы Кулунду айыл өкмөтүндө 95 үй, анын ичинде Максат айылында 83 үй, Интернационал жана Сады  айылдарында 12 үй өрттөлүп, талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM