Биз менен байланышыңыз

Бүгүн студент-медиктердин улуттук конференциясы өтөт

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 491 | 0

Бүгүн, 8-майдан 18-майга чейин студент-медиктердин улуттук конференциясы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Бул конференцияда ар кандай сессиялар, потенциалды жогорулатуу иш-чаралары, ар кандай темалардагы дискуссиялар жана көңүл ачуучу программалар уюштурулат.

AMSA-KG — Эл аралык жогорку медициналык мектеби тарабынан түзүлгөн Кыргызстандын жергиликтүү студенттеринин жана чет ѳлкѳлүк студенттеринин турган студент-медиктердин улуттук уюму болуп саналат. Анын курамына Кыргызстандын медициналык мекемелеринин алдыңкы студенттери кирет.

Аталган уюм Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону өркүндөтүү үчүн ар кандай маалыматтык программаларды, семинарларды, мейман дарстарын,  конкурстарды, медицина жаатында тренингдерди дайыма өткөрүп турууга бардык аракеттерди жасашат,  ошону менен катар  саламаттыкты сактоо, медициналык практика жана саламаттыкты сактоо тутумун козгогон улуттук жана глобалдык маселелерди, жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багытталган маанилүү долбоорлорду жана иш-чараларды уюштурушат.

Быйылкы иш чара пандемияга байланыштуу онлайн режиминде өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM