Connect with us

Президент: Өлкөнүн келечеги билимдүү жаштардан көз каранды (сүрөт)

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 867 | 0

«Ар бир өлкөнүн келечеги акылдуу, билимдүү жаштардан көз каранды», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда, ушул жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы катышып жаткандар 160 миңден ашык студенттердин арасынан билими, аракети менен суурулуп чыгып, сыноодо татыктуу жеңишке жеткендерин белгилеп, аларды президенттик стипендия алышы менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков азыр мамлекеттин дүйнөлүк картадагы ордун аныктоодо өлкөнүн интеллектуалдык ресурсу, калкынын ден соолугунун мыктылыгы, башкача айтканда, адам капиталынын сапаты биринчи орунга чыккандыгын баса белгиледи.

Президент азыркы дүйнө тез алмашып жатканын, жаңы кесиптер пайда болуп, кээ бир кесиптер жок болуп баратканын баса белгиледи.

Ошол себептүү, мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири — учурдун талабына ылайык билим берүү. Жакынкы убакта билим берүүнүн башкалардан артыкчылыктуу багыттарын ичине камтыган жаңы стратегия кабыл алынып, атаандаштыкка туруштук бере турган билим берүү системасы түзүлөт.

«Глобалдуу атаандаштыкка билимдүү гана коомчулук туруштук бере алат. Келечек силерден кайсыл убакта, кайсыл жерде болбосун жаңы билимди табууну талап кылат», — деди мамлекет башчысы.

Президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн жыл сайын тапшырылып келет. Быйыл жарыяланган конкурстун натыйжасында республика боюнча 31 жогорку окуу жайдын 74 студенти президенттик стипендияга татыктуу болду. Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана академиялык бир жылга (10 айга) 50 000 сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM