Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Борбор Азиядагы студенттерин өзүнө кайтарууда

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 744 | 0

Өзбекстан бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттерин өлкөгө кайра чакыртты.

Буга чейин Кыргызстанда окуп жаткан өзбекстандык студенттер окуудан чыгуу үчүн документтерин даярдап жатканы айтылган болчу. Эми Казакстандагы 15 миңдей өзбекстандык студенттер, Тажикстанда билим алып жаткан 5 миңдей студент кетүү үчүн камданып жаткан чагы.

Өзбекстан бийлиги чет өлкөдө окуган студенттер эч кандай сынаксыз өз мекенинде ЖОЖдорго кабыл алынарын билдирген.

Өзбекстандын жогорку жана орто билим берүү министри Имом Мажидов «Борбор Азия мамлекеттериндеги өзбекстандык студенттер окуусун Өзбекстандагы университеттерге оңой эле которо алат» деген буйрукту 6-февралда чыгарган.

Анда айтылгандай, студенттер окуусун Өзбекстанга которуу үчүн эч кандай кошумча сынак тапшырбайт. Башында бул үчүн 7-февралдан 15-февралга чейин гана убакыт берилген. 11-февралда аталган министрлик бул мөөнөттү 15-мартка чейин узартканын жарыялаган.

Анын негизинде студенттер шашылыш түрдө документтерин топтоого киришкен. Бирок, Кыргызстанда 1-курстун студенти окуусун которуп кете албайт деген мыйзам болгондуктан, айрым студенттер бул жаатта кыйынчылыкка туш болгон. Ошондой эле, Казакстанда да студенттерге документтерин толук бербестен, сабактарынын тизмеси гана берилип, Өзбекстанга барган соң окууга кабыл алынды дегенде гана документтерин жөнөтөрүн айтып жаткан чагы.

CentralAsiaнын жазганына караганда, Өзбекстан кошуна өлкөлөрдүн ЖОЖдорундагы окуу сапаты өз улуттук рейтингине жооп бербейт деген себебин айтууда. Ал эми айрым маалыматтар боюнча, Өзбекстан кошуна мамлекеттерде окуган студенттер диний радикализмге берилип кетиши мүмкүн деп чочулашы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM