Биз менен байланышыңыз

Чыгармачыл окуу жайлар 21-сентябрдан тарта кадимки режимде окушат

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 709 | 0

21-сентябрдан тарта маданият жана искусство тармагындагы окуу жайларда чакан топту талап кылган айрым адистик сабактар жана жекече сабактар мурдагы режим менен, ал эми базалык сабактар онлайн режимде окутулат. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде болгон кезексиз жыйында белгилүү болду.

Октябрдан тарта бардык окуучулар мектепке барышы мүмкүн

Жыйында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте 14-сентябрда кабыл алган № 297 «Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство тармагындагы жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын айрым ишмердүүлүгүнө уруксат берүү тууралуу» буйругун аткаруу маселеси каралды.

Мунун негизинде окуу жайды коопсуздук шартында кайра даярдоо, бекитилген алгоритм эрежелерин так сактоо боюнча тиешелүү тараптарга атайын тапшырмалар берилип, аткарылышын көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, жогорудагы буйрук маданият жана искусство тармагындагы окуу жайларга гана тиешелүү.

Copyright © 2017 Maral FM