Биз менен байланышыңыз

Октябрдан тарта бардык окуучулар мектепке барышы мүмкүн

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 6287 | 3

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташса, октябрь айынан тарта мектептерде салттуу негизде билим берүүнү жандандыруу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөн онлайн кеңешмеде айтты.

Министр андан сырткары, коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, мектептерди бюджеттик каражатка куруу иштери токтобогонун кабарлады. 1-сентябрга карата 14 мектеп пайдаланууга берилди. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин авариялык абалдагы 21 мектептин оңдоп-түзөө иштери аяктайт.


Абидетегин: Мектептерде сүрөт тартуу сабагын күчтөндүрүү керек


Дагы 13 мектеп ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет, жылдын аягына чейин коррупцияга каршы күрөштөн топтолгон  Бирдиктүү депозиттик эсептеги каражаттан каржыланып жаткан 15 мектептин үчөө курулуп бүтөт.

Ушул күндөрү 1-класстын окуучулары гана мектепке барып окушууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү системасын санариптештирүүдөгү жакшы өзгөрүүлөрдү канааттануу менен белгиледи. Ал ошондой эле мугалимдердин айлык маянасын которуу процессин автоматташтыруу ишине оң баасын берди. Өлкөдөгү бардык мектептерди мугалимдердин айлык акысын төлөөдө коррупциялык схемалардын бары-жогун текшерүүгө чакырды.

Мындан сырткары, жакынкы аралыкта салттуу тартипте билим берүү процессин жандандыруу сунушун колдоп, аны баштапкы класстардан этап-этабы менен баштоону сунуштады.

Мектептерде окутуунун формасы кандай болот? Кенен түшүндүрмө

3 пикир

3 пикир

  1. Майрам

    15.09.2020 17:21

    Мектеп ачылса аябай жакшы болмок.Себеби мугалимдер аябай кыйналып кеттик. Сабак толук кандуу болбой жатат. Мугалимдердин ден соолугу да начарлап баратат. Кечке телефон, ноутбук карап отуруп коздун көрүүсү начарлады.Онлайн сабакта балдардын билим сапаты начарлап кетет.

    • Рустам

      15.09.2020 21:11

      Аябай жакшы сөздөрдү айттыныз эжекей.

  2. Гүлбарчые

    15.09.2020 20:11

    Номер 76- мектепти качан ремонт кылат экен.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM