Connect with us

«Аккула» ат майданы боюнча соттук териштирүүлөр бүтө элек

Кыска кабар | 4 Май 2021 | 520 | 0

Азырынча «Аккула» ат майданынын тагдыры чечиле элек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин районунун акиминин орун басары Алтынбек Маматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыр ипподром боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Сот иштери бүтсө эле, аукцион же конкурс аркылуу ат майдан реконструкция жүргүзүүгө берилет.

«Азыр ипподром маселеси мэрия тарабынан каралып жатат. Бизге ал боюнча эч тапшырма келе элек», — дейт Маматов.

Эске сала кетсек, ат майдан мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда мыйзамсыз түрдө акционердик менчикке өтүп кетип, Бишкек мэриясына 2018-жылы гана кайтарылган. 2019-жылы Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги имарат сейсмологиялык талапка жооп бербейт, авариялык абалда, объектини реставрациялоо жана реконструкциялоо мүмкүн эмес деген бүтүм чыгарышкан. 2020-жылы 2-сентябрда Өкмөт  эски имаратты бузуу тууралуу токтом кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM