Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Талант Мамытов митингчилердин алдына чыкты (видео)

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 739 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкекте Баткендеги чек ара маселесине байланыштуу митингге чыккандар менен жолугушту. Ал жерде эл өкүлдөрү Таабалды Тиллаев, Өмүрбек Бакиров да бар.

Бүгүн Өкмөт үйүнүн алдында «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана жарандык активистер митингге чыгышты.

Алар өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл боюнча айткан сөзүнө түшүндүрмө беришин талап кылышты.

Ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр, Самаркандек жана Лейлек районунун Максат, Арка, Бешкент аймагына жана Тажикстан менен чектешкен бардык аймактарына чек ара коргоо кызматын көбөйтүүсүн, чек ара кызматы жок жерлерге чек ара күзөттөрү коюлуусун талап кылышты.

29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон эки тараптуу кагылышууда 17 кыргызстандык жараат алып, бир жаран каза болду. Жараат алган жарандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Жалпы коопсуз аймакка 848 кыргыз чыгарылды. Анын 498и Баткен шаарына, 350сү Лейлек районуна көчүрүлдү. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат.

Чек арада абал оор бойдон калууда. Атышуу токтой элек.

Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу  депутаттар «3-7-майда аймактарда шайлоочулар менен иштөө жөнүндө» токтомду жокко чыгарышты. Зарыл учурда кеңешмеге чогулуу үчүн алар Бишкектеги иш орундарында болушат.

28-апрелде депутаттар ушул жылдын 3-7-майында аймактардагы шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрүү чечимин кабыл алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM