Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Тажик тараптан ок атуу токтой элек

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 523 | 0

Баткен районунун Ак-Сай айылында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар. Учурда Тажик тараптан дагы деле ок атылып жатат.

Окуя болгон жерди Кыргызстандын күч түзүмдөрү, ошол айылдын жигиттери көзөмөлдөп турушат. Бул тууралуу окуяга жеринен көз салган Кайрат Жапаров «Маралга» билдирди.

Бүгүн чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлүп, Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр-чатак орун алган аймактан эл коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Учурда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Азыркы учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү жүрүп жатканы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM