Биз менен байланышыңыз

Мамат Айбалаев: Бүгүнкү абалга бийлик алып келди

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 4787 | 1

Баткендин чек арасындагы кырдаалдын ушундайга жетүүсүнө бийлик күнөөлүү. Алар кылган иши менен, жасаган саясаты менен ушул абалга алып келди. Мындай пикирин Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев айтты.

«Жергиликтүү эл эмес, бийлик ушундай абалга алып келди. Анан биз катуураак айтсак, суракка алышат. Дипломатиялык жол менен сүйлөшүү керек.

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы жана анын тегерегиндеги жер кыргыздын жери эле. 2009-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда Баткенден Исфанага жол салып, Көк-Ташка жеткенде, тажиктер: «Бул сай биздики», — деп чыр чыгарган. Бирок ал жер кыргыздардыкы. Бакиевдин тапшырмасы менен Адахан Мадумаров барып, ал убакта Баткенде Султанбай Айжигитов губернатор эле, «Бул жер тажиктердики», — деп протоколго кол коюп, 49 жылга ижарага алып, кытайларга жол ачып берген. Ал жерди таштап коюп эле Орто-Боздон ары жагынан жол салып кете берсе болмок. «Кийин эмне болот?» — деп ойлогон эмес да. Ошол протоколго кол коюлгандан кийин ал сайдын ички кеңдиги 800 метрге жакын, ошол Мачаиге чейин жерди тажиктер өздөштүрүп алды. Ал жерге миңдеген үй салынып, короолор түшүп, суу башына чейин ээлеп алышты кыргыздын жерин!» — дейт Айбалаев.

Баткен районунун Ак-Сай айылында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган, алардын үчөөнө таш тийген, бирөөнө ок тийген. Таш тийген эки жаран Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген жаран Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

1 пикир

1 пикир

  1. Арман

    30.04.2021 08:49

    Именно сен айбалаев жана акаев күнөөлүсүңөр. Ушул чек араны 1995-жылы эле бүтүрүп коюш керек эле. Анда таджиктер өз ара согушуп жатканда оңой эле бүтмөк. Акаев келесоо ушуну бүтүргөндүн одуна жардам берип чуркап барды кана ошол жакшылыкты билдиби кайра аркабыздан минамет менен аткылап жатат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM