Биз менен байланышыңыз

Галина Байтерек: Садыр Жапаровдун телеграм-каналын фанаттары иштетет

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 1044 | 0

Президент Садыр Жапаровдун телеграм-каналын анын фанаттары иштетет. Бул тууралуу өлкө башчысынын пресс-катчысы Галина Байтерек билдирүү жасады.

«Анын бир эле каналы бар, ал — «Кыргыз Республикасынын Президенти» деген. Ал эми президенттин пикири жана кандайдыр бир схемалар жарыяланган учурдагы каналга келсек, аны Садыр Жапаровдун өзү эмес, фанаттары жазган. Учурда IT-адистер каналга кирүү мүмкүнчүлүгүн жок кылуу үчүн каналды ким иштетип баштаганын табууга аракет кылууда»,- деди Байтерек.

Ошондой эле, фейсбуктагы «Садыр Жапаров» аккаунту менен инстаграмдагы «sadyr_japarov» баракчасы Жапаровдун өзүнө таандык экендигин кошумчалаган.

Кошумчалай кетсек, Садыр Жапаров жер жана энергетика маселеси боюнча пикирин айтып, 15 жылдан бери топтолгон оор энергетикалык кризистен чыгуу үчүн реформалар керек экени жазылган билдирүү анын атынан ачылган телеграм каналында жарыяланган:

«Туура түшүнүңүздөр, бай-кедейге бөлгөн эч ким жок, болгону мүмкүнчүлүгү бар, жашоо-шарты жакшы, жетиштүү үй-бүлөлөр аз камсыз болгон жарандарыбызга жеңилдиктерди түзүп, ал арада мамлекеттин кризистик абалын да чогуу жеңип чыгуу мамлекеттин реформалуу багыты деп билели», — деп жазылат.

Жапаров энергетика тарифи боюнча кайрадан билдирүү жасады

Президент Садыр Жапаровдун атынан «Фейсбук», «Инстаграм» жана «Телеграм» социалдык тармактарында бир нече баракчалар бар. Бирок алардын баары расмий верификациядан өткөн эмес.

 

Copyright © 2017 Maral FM