Биз менен байланышыңыз

Жапаров энергетика тарифи боюнча кайрадан билдирүү жасады

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 5958 | 0

Президент Садыр Жапаров жер жана энергетика маселеси боюнча билдирүү таратты. Бул Садыр Жапаровдун атынан ачылган телеграм каналында жарыяланды.

Биринчи билдирүүсүндө Жапаров туура эмес, «жалган» маалыматтар жүрүп жатканын айтты.

«Акыркы учурда саясий чайкоочулар өздөрүнүн жеке максаттары жана кызыкчылыктары үчүн, ар-кандай туура эмес “жалган” маалыматтар менен социалдык тармактардан бузукулук чакырыктарды таштап элдин башын айландырууда.

Билсеңиздер, эч кандай жерлер берилген жок, жерлер алмашуу жолу менен гана учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Элдин макулдугу, эл менен жолугушуу, кеңешүү, түшүндүрүү иштери тыгыз жүрүп атат.

Президент элден качып жашынып жаткан жери жок, күнү-түнү иштеп эл үчүн ак кызматын кылып атат.

Мамлекетибиз эң кыйын кризистик абал учурда 2 ай мурун жаңы президент Садыр Жапаров көпчүлүк элдин тандоосу менен шайланып келди, андан көп өтпөй көптөгөн иштер аткарылды, эң көйгөйлүү маселе болгон чек ара маселеси эле, аны да өз убагында чечүү керектигин терең түшүнүп, туура чечүүгө 100 пайыз бел байлады. Туура, мындай оор маселени чечүүдө сөзсүз түрдө кыйынчылыктар болбой койбойт, эң негизгиси Кыргыз мамлекети өзүнүн жерлерин жөн жай гана кошуна өлкөлөргө белекке берип салбайт».

Ал эми кийинки билдирүүдө 15 жылдан бери топтолгон оор энергетикалык кризистен чыгуу үчүн реформалар керек экени жазылган.

«Чечкиндүү кадамдар, туура чечимдер, акыркы 15 жылда топтолгон оор энергетикалык кризисти жеңип чыгат. Туура түшүнүү менен, коркпостон чечкиндүү реформаларга элибиз даяр болушу керек.

Туура түшүнүңүздөр, бай-кедейге бөлгөн эч ким жок, болгону мүмкүнчүлүгү бар, жашоо-шарты жакшы, жетиштүү үй-бүлөлөр аз камсыз болгон жарандарыбызга жеңилдиктерди түзүп, ал арада мамлекеттин кризистик абалын да чогу жеңип чыгуу мамлекеттин реформалуу багыты деп билели», — деп жазылат.

Президент Садыр Жапаровдун атынан «Фейсбук», «Инстаграм» жана «Телеграм» социалдык тармактарында бир нече баракчалар бар. Бирок алардын баары расмий верификациядан өткөн эмес.

Жогорудагы билдирүүлөр боюнча расмий түшүндүрмө жасала элек.

Copyright © 2017 Maral FM