Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз телесериал» студиясы «Жалбыз» сериалын тартып жатат

«Кыргыз телесериал» студиясы көп жылдык тыныгуудан кийин «Жалбыз» аттуу сериал тартууга киришти. Бул тууралуу тасманын продюсери Жеңишкүл Өзүбекова «Марал» радиосуна буларды айтып берди:

Тасма тууралуу

«Жалбыз» телесериалын тартуу идеясы менде көп жылдан бери жашап келген. «Кыргыз телесериал» студиясын кайрадан жандандырып, көп жылдык тыныгуудан кийин тасма тартууга бел байладык. Бир ай даярдык көрдүк. Учурдагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу жабык кастинг уюштурганбыз. Ошентип, бир команда болуп топтолуп алып, чыгармачыл топ менен биргеликте 19-апрель күнү Кегетиге жөнөп кеттик. Учурда Кегетидебиз. Тартуу иштери башталган. Аба ырайы ыңгайсыздык жаратып, кар жаап салганына карабай иштер уланып атат. Негизинен Бишкек шаарында жана Түштүк жергесинде тартылат. Буюрса тыныгуу жок, токтобой иштесек, сьемка эки жарым айга созулчудай болуп турат. Сентябрь айынын баш чендеринен жалпы көрармандардын назарына тартуулайбыз.

Тасманын режиссёру: «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты», «Кууш жолдо», «Кара жолтой», «Сезимде калган издер» сыяктуу сералдарга да режиссёрлук кылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов.

«Жалбыз» телесериалы 36 бөлүмдөн турат. Каармандары өтө көп, 300гө жакын деп айтсам болот.

Жети облуста жети театрыбыз бар. Ал жакта эмгектенген артисттерибиз дагы тасмада роль жаратышат. Баягы эле шаардагы актёр, актрисалар эле эмес, аймактагы артисттер да катышсын деген ойдобуз.

Эмне үчүн «Жалбыз»?

Байыркы римдиктердин бир уламышында жалбыз чөбү алгач дүйнөдө кантип пайда болуп калганы айтылат. Аны энеси кызына айтып берет. Кыздын тагдырында окуя чоң роль ойнойт. Тактап айтканда, «адам өзүн канчалык кыйын сезип, дүйнөнү өзгөртүп салам дебесин, баары Жараткандын буйругу менен ишке ашат» деген ой камтылат. Бул жерде жашоонун философиясы жатат. Башкы каарман кыз Жалбыздын тагдыры да ушул «Жалбыз» уламышына окшошуп кетет.

Тасма аркылуу берейин деген ой

Телесериалдагы окуялар биздин заманды чагылдырат. Жакшы жактарын, көйгөйлөрүн, сүйүүсүн, сыноолорун, айтор, коомдо эмне болуп жатса, ошонун баарын тасма аркылуу камтып, чагылдырып бергенге аракет кылып жатабыз. Телесериал аркылуу коомдун оюн жакшы жакка буруп, маданий аң-сезимин өстүрүп, кайрадан улуттук өзгөчөлүгүнө кайтарып, мамлекеттик идеологияны алып жүрө алсак, анда биз өз максатыбызга жеткен болобуз.

Телесериалдын демөөрчүлөрү

«Телесериал тартуу үчүн каражатты кайдан алдыңыз, өкмөткө кайрылдыңызбы, өкмөт жардам кылып жатабы?» — деп сурагандар көп. Жок, эч кандай. Азыр, тескерисинче, өкмөткө биз жардам беришибиз керек деп ойлойм. Коомубуз, элибиз, улутубуз үчүн, ортобуздагы биримдик, ынтымак, тынчтык үчүн, улутубуздагы баалуулуктарды, мурастарды, каада-салттарыбызды сактоо үчүн ар бирибиз колубуздан келген аракетибизди кылып турсак, бул — биздин улутубузга кылган жардамыбыз. Ошондуктан мен өкмөт тарапка кайрылган жокмун. Жеке ишкерлерге кат менен кайрылдым.  Чоң колдоо таптым деп айта албайм. Кудайга шүгүр, моралдык жактан, каржылык жактан аз-аздан жардамдар болду, ыраазымын. «Техникалык жактан колдоо көрсөткүлө», — деп бир канча телеканалга кайрылдым. Бул жаатта ЭлТР телеканалы чоң колдоо көрсөттү. Сүйлөшүүлөр боюнча ЭлТРде сериалдын биринчи премьерасын көрсөтөбүз.

Copyright © 2017 Maral FM