Биз менен байланышыңыз

Кубанычбек Жумалиевдин депутаттык мандаты алынды

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 490 | 0

Коррупцияга шектелип кармалган Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жумалиевдин ордуна парламентке «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Аманкул Токтомамбетов депутат болуп келет.

Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Ага таандык Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө коррупциялык схема аныкталган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 12-апрелде Жумалиевди чет өлкөгө чыкпоо шарты менен үй камагына чыгарган. Ал өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражатына бааланган кыймылсыз мүлкүн мамлекетке өткөрүп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM