Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы жылытуу мезгилине даярдык көрө баштады

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 500 | 0

Бишкек мэриясы 2021-2022-жылдарга жылытуу мезгилине даярдык көрө баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. 

«Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасы жылытуу мезгилинде буу казандарын жана жылуулук тармактарын кийинки жылытуу мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планына ылайык оңдоо жүргүзүүдө.

Буу казандарын, көмөкчү жабдууларын (түтүн чыгуучу түтүктөр, желдеткичтер, жылуулук алмаштыргычтар, насостор, химиялык суу тазалоочу жабдуулар, электр жабдуулары, газ жабдуулары, приборлор) оңдоо каралган.

2,5 чакырым эскилиги жеткен жылуулук тармактары алмаштырылат, жылуулук тармактарындагы жана буу казандарындагы өчүрүүчү арматура оңдолот. Мындан тышкары буу казандардын имараттарын оңдоо пландаштырылууда.

Ошондой эле жергиликтүү көмүрдү сатып алууга 3,6 миң тонна көлөмүндө тендер жарыялоо пландаштырылууда.

Жалпысынан курулуш иштерине жана даярдык иштерине болжол менен 30 миллион сом шаардык бюджеттен каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM