Биз менен байланышыңыз

Качкын Абдыкадыров: Обонду бузган обончулар көбөйдү

Өнөрдү баалап, багып өстүргөн дагы бир талант ээсинин чыгармачыл жашоосун «Мен жана мезгил» программасында баяндайбыз. Кезектеги коногубуз: белгилүү обончу, аткаруучу Качкын Абдыкадыров.

Агай, ар бир чыгармачыл инсандын өзгөчө образы болот. Стилге көңүл бурасызбы?

Адам өзүн күзгүдөн карап, кандай стилде кийим жарашат, жыйынтык чыгарып турушу керек. Бул стилде жүргөнүмө 20 жылдан ашты. Баш кийимдин ар башка өңдө дагы 5 түрү бар. Эгерде кемчилик кетирип жатсам, келинчегим жардамга келет.

Эң алгачкы чыгарган обонуңуз?   

1983-жылы 10-классты бүтүп, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын 2 жылдык студиясына окууга тапшырып, 1-курсту аяктаган соң, Балыкчы шаарына жумуштарым менен барып калдым. Ошол кезде «Ленинчил жаш» деген гезит чыкчу. Бир күнү барактап, Райкүл Мамырованын «Эгер мен» деген ырына көзүм түштү. 4 куплеттен турган ырды окуп атып, 3-куплетине жеткенде кыңылдап, обон кошуп баштадым. Чыккан обонду унутуп калбайын деп ал кездеги магнитофонго жаздырып койдум. Кийин аны Дилбар Райымбековага сунуштап, ошол ырчы ырдап чыккан.

Кайсыл жанр же багытта обондор чыгат?

Чыгармачыл адам ар кайсыл жанрда өзүн сынап көрүүсү керек. Батышты алсак, белгилүү композиторлор ар кыл багытта обон чыгарат. «Биздин алардан эмнебиз кем?» — деген суроону дайыма өзүмө берем. Чыгармачыл адам издениши керек. Кээ бир обончунун обондорун уксаң, башынан аягына чейин лирика же бир нукта.

Канча жанрда обон жаратасыз?

Биринчи учурда фольклордук, андан соң, патриоттук, жаз, попса, эстрада, анан балдарга арналган обондорум бар.

Гитараңыз дайыма жаныңызда. Ушул аспаптын өзгөчөлүгүн айтсаңыз?

5-классымда менден улуу агамдын туулган күнүнө классташтары гитара белек кылышкан. Бир күнү байкем «Апакем» деген ырдын 1 сабын гитарада үйрөтүп койду. Анан калганын чертип олтуруп, өзүм өздөштүрүп кеттим. Ошондон бери бул аспап менин жанымда. Демек, талантың болсо, аны бат эле жөндөп кетүүгө болот.

Чыгармачыл инсандар ырлары, обондору аркылуу ичиндегисин айтат экен. Сиз чыгарган обондо эмнелер берилген?

Кээ бири өзүнүн тагдырына байланышкан обондорду издейт. А менин жараткан обондорумда элдин жашоосундагы болгон көйгөйлөр, көрүнүштөр бар.

Дээрлик 40 жылдан бери чыгармачылыкта жүрөсүз. Наам тууралуу тийиштүү жерлерге кайрылдыңыз беле?

Буга чейин эжем документ тапшырып койгон экен. Бир күнү Маданият министрлигинен: «Байке, сизге Маданияттын мыкты кызматкери наамын беришти. Алып кетсеңиз», — деп чалышты. Анан мен: «Ушул наамды жөн эле койгулачы. Мындай наамды менден 20 жаш кичүүлөр бир канча жыл мурун эле алып коюшкан», — деп баш тарттым. А алар: «Ар бир наам ирети менен берилет», — дешти. Үй-бүлөм да: «Берип аткан соң, алып кой», — дешип… айтор, азыр үйдө турат. Жарыялап айткым деле келбейт.

Обон жаратуудагы эң башкы этика?

Албетте, ар бир обондогу этика туура сакталышы керек. Мисалы, эне жөнүндө ыр болсо, ага өйдө-төмөн обон жаратпастан, угарман ошол ырды укканда көз алдына эненин сүрөтү тартылгандай болушу зарыл. А азыр болсо, чектен ашкан, текстке дал келбеген обондор жаралып жатат. Эмне үчүн бизде дүйнөнү багындырган ырлар жаралбайт? Музыкалык деңгээлибизди өстүрүп, артта калбастан аракет жасоо керек. Талант берилген соң, изденип, иштейли.

Copyright © 2017 Maral FM