Биз менен байланышыңыз

Марат Казакпаев 14-июнга чейин камакка алынды

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1076 | 0

Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелип жаткан Марат Казакпаев 14-июнга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-апрелде кабыл алды.

Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө камак жайына киргизилди.

Мындан тышкары мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган дагы бир шектүү Т.М.А. аттуу жаран 13-июнга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасы да 14-апрелде аныкталды.

УКМК мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары эки адам кармалганын 13-апрелде кабарлаган. Кийин шектүүлөрдүн Марат Казакпаев экени расмий кабарланган.

УКМК мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM