Кыргызгидромет билдиргендей, 14-апрелге карата республика боюнча түнкүсүн Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +22…+24 градус жылуу болот.