Биз менен байланышыңыз

Новиков: Ала качууну адам уурдоого теңөө керек

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1133 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков ала качуу окуяларын адам уурдоо катары кабылданышы үчүн мыйзамды катаалдаштырууну сунуштады. Ал бул тууралуу 12-апрелде өкмөттө өткөн кеңешмеде айтты.

«Айзада аттуу жаш кыздын кайгылуу окуясы эч кимди кошкөңүл калтырган жок. Тилекке каршы, бул окуя жалгыз эмес. Ала качуу окуяларын адам уурдоо катары кабылданышы үчүн мыйзамды катаалдаштыруу зарыл. Кылмыштардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну күчөтүп, административдик камоолордун мөөнөтүн жогорулатып, ошондой эле балдарга убактылуу камкордук көрүүнү расмий тариздөөсүз 30 күндөн ащуун мөөнөткө жарандардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салуу керек», — деди Артем Новиков.

5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болгону 7-апрель күнү маалым болду.

Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүрүп, өзүнө да бычак сайып мерт кеткен. Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапкан.

Ала качуудан өмүрү кыйылган Айзада Канатбекова бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Ал таята-таенесинин колунда чоңойгон. Маркумдун сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM