Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Элдин бир адамдын башкаруусуна болгон үмүтү күч

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Апр 2021 | 1389 | 0

Өлкөнү бир адамдын башкаруусу элдин үмүтүн актабайт, туңгуюкка кептөө мүмкүнчүлүгү жогору. Бул саналуу айда гана билинет. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде жаңы Конституция жарга такашы мүмкүн экенин билдирди.

«Элдин бир адамдын башкаруусуна болгон каалоосу, үмүтү күчтүү. Калктын басымдуу бөлүгү президенттик башкарууну колдойт, аны социалдык изилдөөлөр көрсөтүп турат. Бирок саясатчылар, жарандык коом, журналисттер эл айткандын баарына макул боло бербей, туура эмес пикирин эскерткенибиз туура», — дейт Жээнбеков.

Анын айтымында, өлкө экономикалык-социалдык жактан оор абалга баратат. Кыргызстан Венеция комиссиясынын тынчсыздануусуна карабай, Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуусу эл аралык каржы институттары тарабынан берилүүчү каражаттарга, маселелердин чечилүүсүнө сөзсүз таасирин тийгизет.

Ал эми Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумдун өтүшү — нормалдуу нерсе. Анткени тарыхта бийликтин, өкмөттүн сунуштары, референдумдар өтүп келген, өтпөй калганы болгон эмес.

300 миңге жакын шайлоочунун Башмыйзамдын жаңы долбооруна каршы добуш берүүсү — жакшы көрсөткүч. Себеби коомдо оппозиция, каршы туруучу күч пайда болууда.

Copyright © 2017 Maral FM