Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Президенттик башкарууда чечим бат кабыл алынат

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Апр 2021 | 1886 | 0

Саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде Жаңы Конституциянын тобокелчиликтерин айтты.

Анын айтымында, илимий изилдөөлөр боюнча чукул чечимдерди күчтүү президенттер кабыл алат. Чили, Сингапурда ири өзгөрүүлөр орун алышы буга мисал. Эгерде чечим туура болсо, ага каршы чыккандар аз болот.

Президенттик бийлик туура чечим кабыл ала турган болсо, өлкө экономикасы үчүн жакшы. Эгерде тескерисинче болсо, алдыда көптөгөн кыйынчылыктар күтүп турат.

Ал эми парламенттик мамлекеттерде чечим кабыл алуу процесси жай, себеби карама-каршылык, талаштар көп. Бирок жаңылып калуу президенттик башкарууга караганда алда канча төмөн болот.

«Кыргызстанда учурда президентке каршы тура ала турган күчтөр жок, мамлекеттик институттар иштебейт, парламент, өкмөт, сот жокко эсе. Мейли, азыркы президент жакшы болсун. Бирок эртең эч нерсени түшүнбөгөн адам президент болуп калса, жаңы Конституция бизди кайра жарга такайт», — дейт Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM