Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Белгиси бар беткаптардын эч бир партияга тиешеси жок

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1519 | 0

Жашыл жана белгилери бар беткаптар тууралуу айтылган маалыматтар текшерилип бүттү. Бул тууралуу 11-апрелде брифингде ИИМдин тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов кабарлады.

Анын айтымында, беткаптар добуш сатып алууга жана эч бир партияга тийиштиги жок экени аныкталды.

Бүгүн Азамат Бакиров аттуу Фейсбук колдонуучу өзүнүн баракчасында атайын белги коюлган беткаптар таратылып жатканы жөнүндө сүрөттөрдү жарыялады.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, бир топ шайлоочуга атайын кагаз тешкич менен тешилген беткаптар таратылган. Фейсбук колдонуучунун айтымында, айрым партиялар добуш сатып алуу үчүн ушундай ыкманы колдонууга аракет кылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун жетекчиси Алмаз Асаналиев белги коюлган беткаптар тууралуу маалымат Ош шаардык комиссиясына, ошол жердеги укук коргоо органдарына берилгенин, текшерүү жүрүп жатканын айткан.

Ош: №5278 шайлоо участогунда атайын белги коюлган беткаптар таратылууда (сүрөт)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM