Биз менен байланышыңыз

Ош: №5278 шайлоо участогунда атайын белги коюлган беткаптар таратылууда (сүрөт)

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1972 | 0

Ош шаарындагы №5278 шайлоо участогунда добуш берүүгө келген айрым жарандарга атайын белги коюлган беткаптар таратылууда. Бул тууралуу Азамат Бакиров аттуу Фейсбук колдонуучу өзүнүн баракчасында сүрөттөрдү жарыялады.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, бир топ шайлоочуга атайын кагаз тешкич менен тешилген беткаптар таратылган. Фейсбук колдонуучунун айтымында, айрым партиялар добуш сатып алуу үчүн ушундай ыкманы колдонууга аракет кылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM