Биз менен байланышыңыз

Орусиялык байкоочулар: Шайлоо ачык өтүүдө

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1417 | 0

Бүгүн, 11-апрелде Орусиядан келген эл аралык байкоочулар Кыргызстандагы шайлоо процесси тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

Анда шайлоо маселелери боюнча эксперт, «Орусия тандайт» коомдук кыймылынын тең төрагасы Елена Бабченкова, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин доценти Пётр Бычков, «GR-group» консалтинг агенттигинин тең уюштуруучусу Андрей Громов жана «Орусия тандайт» коомдук кыймылынын тең төрагасы Александр Закускин катышууда.

Байкоочулар шайлоого эртеден бери көз салып келгенин, андагы мыйзам бузуулар жана жетишкендиктер тууралуу маалымат берип жатышат.

Бүгүн референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону 183 эл аралык байкоочу көзөмөлдөп, 200дөн ашуун маалымат булагы чагылдырууда.

Шайлоо процессин 11 коомдук уюм көзөмөлдөп, дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 179 журналист каттоодон өткөн.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болууда.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM