Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Вакциналардын 87%дан ашыгы бай өлкөлөрдүн карамагында

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1521 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесустун айтымында, COVID-19 вакциналарынын пайдасы алардын терс таасирлери менен байланышкан тобокелдиктерден бир нече эсе жогору.

Ал дүйнө жүзү боюнча эмдөөнү тездетүүгө чакырып, 14 өлкө бул процессти таптакыр баштай электигин айтты.

ДССУнун башчысы акыркы алты жуманын ичинде «COVAX» демилгеси менен дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнө 38 миллион дозадан ашык вакцина жеткирилгенин эске салды.

«Эсиңиздерде болсо, жылдын башында биз ушул жылдын алгачкы 100 күнүндө бардык өлкөлөрдө эмдөө жүргүзүүгө чакырганбыз. Дүйнөнүн 220 өлкөсүнүн жана айрым аймактарынын ичинен 194ү эмдөөнү башташты, ал эми 26сы эмдөөнү баштай элек. Жакынкы күндөрү дагы 5 өлкө вакциналарды алышы керек», — деди доктор Тедрос.

Анын айтымында, дагы 14 өлкө ар кандай себептерден улам эмдөө процессин же ага даярданууну таптакыр баштай элек.

Ал кошумчалагандай, эмдөө башталган өлкөлөрдө дагы дозалар жетиштүү эмес. БУУнун башчысы вакциналардын бөлүштүрүлүшүндөгү дисбалансты «таң калтырган» деп атады.

«Дүйнө жүзү боюнча 700 миллиондон ашык доза вакциналар өндүрүлгөн, бирок алардын 87% дан ашыгы кирешеси жогору же ортодон жогору өлкөлөрдүн карамагында», — деди ДСУнун башчысы.

Орточо алганда, вакцинаны кирешеси жогору өлкөлөрдө дээрлик ар бир төртүнчү адам алган, ал эми аз камсыз болгон өлкөлөрдө 500дөн бири.

COVID-19 оорусу менен ооруп, өлүмгө учуроо ыктымалдыгы эмдөөгө байланыштуу кээ бир терс таасирлердин тобокелдигинен бир нече эсе жогору.

Башкы директор ДССУнун AstraZeneca коронавирус вакцинасына байланыштуу акыркы чечимин эске салды. Анын айтымында, бул вакцинаны дагы изилдөө керек.

Copyright © 2017 Maral FM