Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда көчмө урна аркылуу добуш берүү жүрүп жатат

Кыска кабар | 10 Апр 2021 | 1432 | 0

Бүгүн 10- апрелде Баткен облусунда ден соолугуна байланыштуу шайлоо тилкесине бара албай турган 883 жаран көчмө урна аркылуу добуш берип жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мүмкүнчүлүгү болбогон жарандар буга чейин көчмө урна аркылуу добуш берүү үчүн шайлоо тилкесине арыз менен кайрылган.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы облус боюнча референдумга 300 миң 500, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 279 миң 875 шайлоочу добуш берет.

Баткен облусунда жалпысынан референдумга карата 218, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 201 шайлоо тилкеси даярдалды.

Шайлоо күндөрү коомдук коопсуздукту 882 милиция көзөмөлдөйт, анын ичинен 436 милиция шайлоо тилкелерин кайтарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM