Биз менен байланышыңыз

14-апрелге чейинки аба ырайы

Кыска кабар | 10 Апр 2021 | 1509 | 0

Кыргызгидромет апрелде өлкө боюнча абанын температурасы негизинен климаттык норманын чегинде болот деп билдирди. Бирок Кыргызстандын кээ бир аймактарында кайсы бир учурда аба ырайы кескин өзгөрүшү ыктымал. 6-апрелден 10-апрелге чейин өлкө аймагында кандай аба ырайы күтүлөт десеңиз, төмөндө болжолдуу маалыматты сунуштайбыз.

10-14-апрелдерде Чүй облусунда жаан жаабайт.

13-апрелде түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

14-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

10-12-апрелде жана 13-апрелде түнкүсүн Бишкекте жаан жаабайт.

13-апрелде күндүз жана 14-апрелде маал маалы менен жаан жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-апрелде күндүз 14 метрге чейин жетет.

10-12-апрелде жана 13-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан жаабайт.

14-апрелде күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунда жаан жаабайт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

10-13-апрелдерде Ысык-Көл облусунда жаан жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-12-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

14-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт.

10-12-апрелде Нарын облусунда жаан-чачын болбойт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-12-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

13-апрелде түнкүсүн жаан чачын күтүлбөйт. 13-апрелде күндүз жана 14-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

14-апрелде күндүз жаан-чачын болбойт.

Талас облусунда 10-11-апрелде жана 12-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

12-апрелде күндүз жаан жаашы ыктымал.

13-14-апрелде түнкүсүн жаан жаайт.

14-апрелде күндүз жаан жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Copyright © 2017 Maral FM