Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Суу каптаган көчөнүн маселеси чечилет

Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 2186 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа жолдогу суу каптоо маселесинин чечилишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Марипов маселенин чечилиши Бишкек – Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо менен түздөн-түз байланыштуу экенин айтты.

Өкмөттүн маалыматына караганда, аталган тилкенин дренаждык схемасы чогулган сууну буруп кетүүгө туура келбей турганы адистер тарабынан аныкталган. Бул көйгөй 2014-жылдан бери чечилбей келет.

Премьер-министр маселени жергиликтүү бийлик органдары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте чечүү тапшырмасын берди.

«Шаардыктарга жаан-чачындан кийин көчөдө пайда болгон көлчүктөрдү кечип өтүүгө туура келип жатса, кайсы ыңгайлуу шарттар тууралуу кеп кылууга болот? Айрым чиновниктердин шалаакылыгынан карапайым жарандар жабыр тартууда. Өз кызматтык милдеттерине кош көңүл, жоопкерчиликсиз мамиле кылууга жол берилбеши керек. Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иш алып баруусу шарт», — деди Марипов.

Быйыл 30-мартта тынымсыз жааган жаандан Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде суу топтолуп калган.  Жарандык активист Болот Ибрагимов ал жерге кайык менен барып, көйгөйгө коомдун көңүлүн бурган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM