Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 6-апрелде жамгыр жаайт, бирок күн жылуу болот

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1389 | 0

6-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй обусунда түнкүсүн +1 … +6, күндүз +13 … +18;

Талас облусунда түнкүсүн 0 … +5, күндүз +13 … +18;

Баткен облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +14 … +19;

Ош облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +14 … +19;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +14 … +19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0 … +5, күндүз +4 … +9;

Нарын облусунда түнкүсүн -3 … -8, күндүз +4 … +9 салкын болот.

6-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +3 … +5, күндүз +14 … +16 градуска чейин жылыйт.

Copyright © 2017 Maral FM