Биз менен байланышыңыз

Преференциалдык шайлоо системасы эмне берет?

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Апр 2021 | 1683 | 0

Преференциалдык ыкма менен добуш берүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынса, талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тизмени БШК да, партия лидери да, кала берсе сот да өзгөртө албайт.

«Бул шайлоо системасы менен бардык маселелерди чечип коёбуз дегенден алыс болушубуз керек. Биздин ишенимде, бул ыкма менен партиянын ичиндеги коррупциялык схемалар жок болот. Парламентке популисттер да келип калышы ыктымал. Алардан арылуу кыйын, бирок санын азайтууга болот. Анткени популисттерди эл улам-улам шайлабайт. Мындан сырткары парламентке капчыктуулар келип калышына бөгөт коюлат. Добуш сатуу кескин азаят», — дейт Сулайманов.

Белгилей кетсек, депутаттарды преференциалдык ыкма менен шайлоо сунушталып, мыйзам долбоору I окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңеште партия менен кошо талапкерге да добуш берүү маселеси каралды

 

 

Copyright © 2017 Maral FM