Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште партия менен кошо талапкерге да добуш берүү маселеси каралды

Коом , Саясат | 25 Мар 2021 | 2097 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо ыкмасына өткөрүү боюнча мыйзам долбоору бүгүн парламенттин 25-марттагы жыйынында талкууланды. Ага ылайык, шайлоочулар алгач партияга, андан соң тизмедеги жалгыз бир талапкерге добуш бере ала турган шарт түзүлөт.

Демилгечи депутат Алтынбек Сулаймановдун айтымында, бул ыкма парламентке чындап элдин добушун алган депутаттардын келүүсүнө шарт түзөт.

«Партиялык жабык тизмеден, ачык тизмеге өтүүдө негизги максат: элдин түз шайлоо укугун кайтарып берүү. Бюллетенде партиялардын катар тизмеси менен кошо, талапкерлер үчүн 90 катар номур жайгаштырылат. Шайлоочу алгач партияга, андан соң партиядагы жалгыз бир талапкерге добуш берет. Мында биринчи жана акыркы катар санда турган талапкер бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болуп, көп добуш алгандары депутат болот. Шайлоочу партияны эле эмес, андагы талапкерди түз шайлай алат. Ачык тандаган соң, эл да, депутат да өз жоопкерчилигин сезе баштайт. Бул парламентке элдин добушуна чындап ээ болгондор, татыктуулар келгенге шарт түзөт», — деди Сулайманов.

Демилгечилер мыйзам долбоору колдоо тапса, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары преференциалдык система менен шайланарын билдирди. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары 2007-жылга чейин мажоритардык система менен, андан бери пропорционалдык система менен партиялык тизме аркылуу тандалууда. Алтынбек Сулаймановдун айтымында, бул система аркылуу шайлоо парламентке татыктуу эмес, акчалуулардын же бийликчил адамдардын депутат болуусуна шарт түзүп келген.

«Жабык тизменин эң негизги кемчилиги — жөнөкөй шайлоочунун добушу партиянын мандаттарды бөлүштүрүүсүнө таасир бере албаганы. Көптөгөн шайлоочулар пропорционалдуу системаны демократиялык талаптарга жооп бербейт деп эсептешет. Анткени партиялык тизмедеги орундарды шайлоочулар эмес, партиянын жетекчилиги чечүүдө. Мандат бөлүштүрүү партия ичиндеги коррупция менен коштолуп, партия лидерине канча көлөмдө акча бергенине байланыштуу жүрүп келет», — деди Сулайманов.

Мыйзам долбоору 2020-жылы 6-майда коомдук талкууга коюлуп, ошол эле жылы 17-июнда парламентке киргизилген. Эл өкүлдөрү узак талкуудан соң, биринчи окууда колдошту.

Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун төмөндөтүү мыйзамын колдоду

Copyright © 2017 Maral FM