Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун төмөндөтүү мыйзамын колдоду

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 679 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары «КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Аталган мыйзам долбоордун демилгечилери — Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев.

Демилгечилердин айтымында, шайлоо мыйзамына негизги үч өзгөртүү киргизилет. Шайлоо босогосун 7%дан 3%га, шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү жана №2 форманы (шайлоо дарегин алмаштыруу) алып салуу сунушталууда.

Ошондой эле азыркы мыйзамдар боюнча шайлоого катышкан партия шайлоочулардын 5%ынын добушун алган учурда шайлоо күрөөсү кайтарылып берилсе, эми алардын мыйзам долбоору боюнча шайлоо күрөөсүн шайлоочулардын 1%ынын добушун алган партияларга кайтарып берүү сунушталууда.

«Жаш партиялар парламентке келүү максатында сунуштаган Мыйзам долбоорубуз 3 окууда кабыл алынды.

— Форма-2 жокко чыгарылды;

— Босого чени 3%га түштү;

— Шайлоо күрөөсү 1 миллион сомго төмөндөтүлдү. Бул алгачкы гана кадамдар», — дейт Сулайманов.

Copyright © 2017 Maral FM