Биз менен байланышыңыз

Марипов жол эрежесин бузгандардын айып пулун азайтууну тапшырды

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1816 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал өзүнүн «Facebook» баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимге өлкөдөгү кризис себеп болгон.

«Бүгүнкү күндө эл азык-түлүк кризисин баштан кечирип жатат, күйүүчү-майлоочу материалдарды кошкондо бардыгы кымбаттап жатат. Ошондуктан президенттин тапшырмасынын негизинде жол эрежесин бузуулардын айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча токтом долбоорун иштеп чыгууну тапшырдым. Жакынкы күндөрү кодекске тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет», — деди Улукбек Марипов.

Copyright © 2017 Maral FM