Биз менен байланышыңыз

3-апрелге карата аба ырайы

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1149 | 0

3-апрелде Кыргызстандын аймагын ала булут каптап турат. Көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10-метрден, кээ бир райондордо 15-20-метрге жетиши мүмкүн. Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатарын Кыргызгидромет эскертет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-5, күндүз +10…+15;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +3…+8 градус салкын болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 градус, күндүз +13…+15 градус салкын болот.

Copyright © 2017 Maral FM