Connect with us

Маданият министри куудулдар менен жолукту

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1571 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 1 -апрель — Күлкү күнүнө карата куудулдар менен жолугуп, баарлашты.

Ага Кыргыз Республикасынын эл артисттери Келдибек Ниязов, Күмөндөр Абылов, куудул Борончу Кудайбергенов жана өсүп келе жаткан жаш куудулдардын жоон тобу катышты. Сүйлөшүү эркин форматта болуп, суроо-жооп менен уланды.

Кайрат Иманалиев өз сөзүндө аларды майрамы менен куттуктап, бул тармакта жасала турган бир катар иштерди айтып өттү.

Сатира — коомдук турмуштагы ошол чөйрөгө, түзүлүшкө ылайык келбеген айрым бир көрүнүштөрдү, адамдардын иш-аракеттериндеги, мүнөздөрүндөгү жагымсыз сапаттарды күлкүгө алып, каймана маанисинде коомго жеткире турган чыгармачылыктын бир түрү. Андыктан, биринчи кезекте куудулдардын башын бириктире турган театр же атайын иш бөлмө уюштуруп, алгачкы кадамдарды баштоо керектигин белгиледи.

Ошондой эле, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө катышуучулар күлкү жана тамашалоо идеологиялык багытта күчтүү курал, таасирдүү тармак болуп саналары белгиленип, биргеликте иш алып баруу макулдашылды.

Copyright © 2017 Maral FM