Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда аскердик машыгуу башталды (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1386 | 0

Баткен облусунда Коргоо министрлигинин «Коопсуздук-2021» жана «Калыптоо-2021» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу башталды. Бул тууралуу  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Машыгууга 2 миңге жакын аскер, 100гө жакын автомобил, брондолгон атайын техника, артиллериялык система, авиациялык техника катышууда.

Машыгуунун алкагында аймакка өзгөчө жана аскердик абал киргизилип, дал мына ушул шартта аскердик жана мамлекеттик органдар күжүрмөн аракеттерин көрсөтүшүүдө.

Машыгуунун негизги катышуучулары аскер кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, милиция жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери.

Copyright © 2017 Maral FM