Биз менен байланышыңыз

Кайсы учурда эмдөө токтотулары айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Мар 2021 | 1150 | 0

Таажы илдетине каршы эмделген адамдардын ичинен өлүм катталса, эмдөө токтотулат. Бул тууралуу №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, эмдөөдөн кийин катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Тагыраагы, бир ай бою организмде болгон өзгөрүүлөр тууралуу атайын документ толтурулат да, ДССУга жөнөтүлөт.

«Кокус терс реакция болуп кетсе, эмдөөгө уруксат берген тараптар, демек, Өкмөт жоопкерчилик алат», — дейт Искакова.

Ал белгилегендей, саламаттыкты сактоо тармагы коронавирустун III толкунуна даярдыктарды көрүүдө. Ал үчүн медкызматкерлер окутуудан өтүп жатышат. Стацонарларды ачуу боюнча да план түзүлүүдө.

Вакцина сатып алууга ири көлөмдө каражат кетип жатат. Мындан сырткары Өкмөт рентген аппараттарын алуу үчүн акча бөлүп берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM