Биз менен байланышыңыз

Ош: Медреседен өрт чыкты, жабыркагандар жок

Кыска кабар | 28 Мар 2021 | 942 | 0

Кечээ, 27-мартта кечки саат 22:00дөр чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Андижан айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан медреседен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минисрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №12 өрт куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, №13 атайлаштырылган өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, өрт өчүрүү штабы тартылган. Мындан сырткары ИИМден 15 кызматкер тартылган.

Медресенин эки кабаттуу окуу корпусунун шыбы жана 156 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок.

Өрт түнкү саат 23:07де чектөөгө алынып, саат 00:02де толугу менен өчүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM