Connect with us

Новиков: 1-сентябрга чейин Бишкектеги таштанды аянты толугу менен жабылат

Кыска кабар | 28 Мар 2021 | 1358 | 0

Ушул жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарындагы таштанды аянты толугу менен жабылып, көчүрүлүп, 35 гектар аянттагы жер рекультивацияланышы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешмеде билдирди

Ушул жылдын январь айында борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу боюнча жакынкы үч жылга Өкмөттүн Иш-аракеттер планы бекитилген. 1-апрелге карата план бекитилип, ал ишке ашырыла башташы керек.

Мындан тышкары, Боз-Бөлтөк аймагында аянты 60 гектар келген паркты жана этно-комплексти уюштуруу боюнча даярдык иштери башталышы тийиш. Ошондой эле планда жаңы конуштарды газдаштыруу, отказандарды газга өткөрүү, экологиялык принциптерди эске алуу менен курулуш ченемдерин жана эрежелерин жөнгө салуу боюнча чаралар каралган.

Copyright © 2017 Maral FM