Биз менен байланышыңыз

Бразилия коронавируска каршы өзүнүн вакцинасын чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2021 | 796 | 0

Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы «Бутантан» биомедициналык институту коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгып, сыноодон өткөрүүгө даяр экендигин жарыялады. «ButanVac» деп аталган вакцинаны колдонууну июль айында баштоо пландалууда» деп жазат «Bloomberg» журналы.

Сан-Паулунун губернатору Жоан Дорианын айтымында, вакцинаны тесттен өткөрүү апрель айында башталат. Ошондой эле аталган вакцина Таиландда жана Вьетнамда сыноодон өтөт.

Июль айына чейин өлкө 40 миллион дозага чейинки атамекендик вакцинаны өндүрүп баштоого даяр, алар алгач Бразилиянын өзүндө колдонулат.

Бутантан институтунун жетекчиси Димаш Ковастын айтымында, вакцина менен буга чейин жаныбарлар эмделип, ийгиликтүү өткөн.

Мындан тышкары ал вакцинаны коопсуз деп атап, анын башка COVID вакциналарына салыштырмалуу арзан экендигин да белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM