Биз менен байланышыңыз

Айжигитов: Саясатчылар чет өлкөдөн эмес, өзүбүздөн дарыланса гана өзгөрүү болот

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2021 | 1072 | 0

Саясий элита Кыргызстанда дарыланса, балдары өлкөдөн билим алса, ата мекендик өндүрүштү колдонсо, ошондо гана көңүл буруп иштеп баштайт. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Биздин элита ооруп калганда чет жактан дарыланса, Кыргызстандагы ооруканалардын абалы менен иши канча! Ушул эле маселе башка тармактарга да тиешелүү. Алар чыныгы мекенчил болсо, Кыргызстанда дарыланып, эс алып, балдарын Кыргызстандан окутсун», — дейт Айжигитов.

Айжигитов: Бардык шайлоолорду миңге жакын адам каржылап келет

Copyright © 2017 Maral FM