Биз менен байланышыңыз

«Президенттин жарлыгына карабай, ишкерлерге кылмыш иши көп козголууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2021 | 726 | 0

Дүйнөдө инвестиция үчүн чоң мелдеш башталды. Андыктан Кыргызстанда иш алып барган инвесторлордун укуктарын коргоп, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Болбосо абал начарлай берет. Бул тууралуу Бизнес акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкерлерден укук коргоо органдарына даттануулар көбөйдү. Эки кодекстин ортосунда карама-каршылыктар аныкталды. Салык кодекси менен Жазык-аткаруу кодексиндеги беренелер дал келбейт.

Маселен, Салык кодексинин 100-беренесинде кайсы учурларда ишкерлерди текшерүүгө болору так жазылган. Ал эми Жазык-аткаруу кодексинин 35-беренесине ылайык, тергөөчү көбүрөөк укуктарга ээ жана мамлекеттик органдардын тарабына көп талап коёт. Бул маселени чечүү боюнча Бизнес акыйкатчы институту сунуштарды берди.

Президент Садыр Жапаровдун инвесторлорду, ишкерлерди колдоого багытталган жарлыгы чыккан учурда да ишкерлерге 100дөй кылмыш иши козголду.

Мындан сырткары, парламенттик шайлоодон кийинки окуялардын айынан инвесторлор иштерин токтотуп коюшту. Буга кошумча, уюшкан кылмыштуу топтор ишкерлерге терс таасирин тийгизген. Аларды жоопко тартуу керек, болбосо абал өзгөрбөйт.

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөн 452 млн долларга жакын инвестиция чыгып кетип, 159 млн доллар инвестиция келген.

Президент Жапаров алгачкы 5 жарлыкка кол койду

Copyright © 2017 Maral FM