Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү майдын эң жогорку баасы Баткенде болууда

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 837 | 1

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы Баткенде эң жогору болууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков парламенттин жыйынында айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов күйүүчү май Орусиядан канча баага алып келинип, өлкөдө канчадан сатылып жатканын сурады.

Кеңешбай Тайлаковдун маалыматына караганда, Кыргызстанга күйүүчү май Орусиянын 4 заводунан алып келинет. Орусияда баалар дээрлик 50 пайызга жогорулады.

«Орусиядагы Омск мунайды кайра иштетүүчү заводу, Орск заводу, Ангар заводу жана «Башнефть» ишканаларынан алабыз. Ал жерде бензиндин баалары буга чейин 300 доллар болсо, бүгүнкү күндө 510-520 доллар болууда. Буга кошумча, 12 пайыз темир жол чыгымы, орто эсеп менен 7,5 пайыз акциз салыгы бар, кошумча нарк салыгы 8 пайыз, башка салыктарга да 5-6 пайыз кошулат.

Мисалы, Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин көп колдонулат, ал орто эсеп менен 45 сом 50 тыйын болуп келсе, акыркы күндөрү 50 сомдун тегерегинде болууда. Өлкөдөгү ири компанияларга чыгымдарды оптимизация кылууну сунуштаганбыз. Учурда транспорт чыгымдарынын эсеби менен эң жогорку баа Баткенде болуп жатат», — дейт аткаминер.

Жергиликтүү тургундар Баткенде бензин 58 сомго чейин кымбаттаганын айтышкан.

Депутат Икрамов күйүүчү майды алып келүүдө келишимдер эмне себептен рубль менен эмес, доллар менен түзүлөрүнө нааразылык билдирип, доллардын курсу жогорулаган сайын баа өсөрүнө тынчсызданды.

Кеңешбай Тайлаковдун айтымында, мунайзат боюнча жалпы саясат ЕАЭБ алкагында 2025-жылдан тарта ишке ашат. Ага чейин баалар эки өлкөнүн сүйлөшүү жолдору менен гана чечилет. Дүйнөлүк практикада мунай ташуу боюнча келишимдер доллар менен түзүлөт.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына караганда, өлкөдөгү май куюучу жайларда бензиндин литрине 1 – 1,5 сомдон кошулуп сатылат.

Кадырбаев: Бензиндин баасы 7-10 сомго, дизелдики 3-5 сомго кымбаттайт

1 пикир

1 пикир

  1. Арапбай

    25.03.2021 17:58

    Баткенде арзан экен чоң алайда Аи-92 51 сомдон 53 сомго чейин

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM