Биз менен байланышыңыз

«Коррупцияга каршы күрөшүү» элдик биримдиги бир нече жемкорлуктун бетин ачты

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 1288 | 0

Кыргызстан — коррупция гүлдөгөн өлкө. Мындай сындар эксперттер тарабынан бир нече ирет айтылып, эл аралык деңгээлде да тастыкталган. Көптөгөн иликтөөлөрдүн көрсөткүчү боюнча Кыргызстанда айрыкча сот тутумунда, укук коргоо органдарында жана саламаттыкты сактоо тармагында коррупция өтө тамырлашып кеткени белгиленген. Бул көрүнүштөрдү жок кылуу максатында «Коррупцияга каршы күрөшүү» элдик биримдиги түзүлдү. Алар ири коррупциялык схемалардын бетин ачуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Коррупцияга каршы болгон адамдардын башын бириктирген элдик биримдиктин бул багытта иш жүргүзүп баштаганына 3 айдын жүзү болду. Элдик биримдиктин байкоочу кеңешинин төрагасы Актан Ажымамбетовдун айтымында, президенттердин алмашуусу жана өлкөдөгү саясий туруксуздук түздөн түз коррупциянын көбөйгөнүнөн улам келип чыгууда.

«Бүгүнкү күндө бир нече коррупциялык иштердин бетин ачып, элге маалымат берип келе жатабыз. Элдин башын бириктирип, кимдин укуктары бузулуп жатканын эл көзөмөлгө алып, көптөгөн маселелер чечилип жатат», — деди Ажымамбетов.

Белгилей кетсек, мекемеге келип түшкөн арыз жана кайрылуулар боюнча изилдөө, териштирүү иштери жүргүзүлүп, андан соң тергөө үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлөт. Бирок ал жактан майнап чыкпаса, мамлекеттик органдарга кайрылып, ишти аягына чыгаруу аракети көрүлөт. Бүгүнкү күндө бир нече ири схемадагы коррупциялык иштер аныкталган. Айта кетчү жагдай, элдик биримдиктин аракеттерине бийлик тарабынан бут тосуулар болгон жок.

Учурда «Коррупцияга каршы күрөшүү» элдик биримдиги ага мүчө болууну каалагандарды кабыл алууда. Биримдикке коррупцияга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандар мүчө боло алат. Алар алгач юридикалык окутуудан өтүшөт. Андан кийин тастыктама берилип, коррупцияга каршы күрөшүү иштерине көзөмөл жүргүзүү укугун алат.

Copyright © 2017 Maral FM