Биз менен байланышыңыз

Коронавирусту жокко чыгарган президент каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 658 | 0

Танзания мамлекетинин 61 жаштагы президенти Жон Помбе Магуфули каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн вице-президенти Самиа Сулуху Хассан маалымдады.

Буга чейин оппозициячыл саясатчы Тунду Лиссу өлкө башчысынан коронавирус аныкталганын айтып чыккан. Бирок өлкөнүн премьер-министри бул маалыматты четке каккан.

Тунду Лиссунун айтымында, Магуфили дарылануу үчүн Индияга жеткирилген, ага чейин Кенияда эмделип жаткан.

Жон Магуфили өлкөсүнө карантин киргизүүдөн баш тарткан. Ошондой эле ал беткап такпай жүргөндөрдү мактоого алган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, Танзания 2020-жылдын май айынан бери өлкөсүндөгү коронавирусту жуктуруп алуу жана каза болуу көрсөткүчтөрүн маалымдаган эмес. Магуфили өз мамлекетинде инфекция жок экенин жарыялап, Танзанияга туристтерди чакырып келген.

Copyright © 2017 Maral FM