Биз менен байланышыңыз

«Чек арада жер алмашуу эмес, 1991-жылдагы юридикалык документ колдонулушу керек»

Кыргызстан анклавдар менен алака кылууда дүйнөлүк тажрыйбаны колдонушу керек. Ал үчүн биринчи кезекте аймактагы мамлекеттик чек араны тактап алуу зарыл. Мындай пикирин Баткен облусунунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында мындай кадамга баруу мамлекеттин кызыкчылыгына дал келип, жергиликтүү эл үчүн ыңгайлуу шарт түзөт жана мамлекеттик чек араны тактоодо жер алмашуу — туура эмес ыкма.

«Дүйнө жүзүндө колдонулуп келген анклавдардын өзгөчө режимин колдонуу керек. Ал үчүн биринчи, СССР тараганда 1990-жылдары «көрсөтүлгөн жерлер чек ара деп эсептелсин» деп, Минск, Алматы келишимдерине кол коюлган. Ага азыркы КМШдагы өлкөлөрдүн президенттери кол коюп, парламенттери ратификациялаган. Бул — чек ара боюнча бирден-бир юридикалык документ. Ошол документти негиз кылып, административдик чек араны делимитация кылып, такталгандан кийин анклавдардын өзгөчө режимин киргизүү керек. Бул режимде анклавдын төрт жагы ачык жана кирип-чыгуу эркин болот. Алар биз аркылуу өз өлкөсүнө өтүп кете берет. Бирок ал жерде оор куралдануу болбошу керек. Болгону, өткөрмө пункттарында укук коргоо, чек ара, бажы кызматынын көзөмөлүнөн өтүшү керек. Биз Минск менен Алматыдагы келишимдерге таянып, чек араны такташыбыз керек. Ал эми жер алмашуу деген болбогон нерсе. Буга кыргыз тарап макул болгону менен кошуналар макул болбой жатат. Көп убакытты кетирбей, мурда эле ушуга таянып бүтүрүү керек болчу. Тилекке каршы, мен кызматта турган кезде бул ишти аткарттырбай, кызматтан кетиришкен», — дейт Айжигитов.

Айжигитовдун айтымында, эгерде өзбек тарапка Сох-Риштан жолун ачып берүүгө макулдук бериле турган болсо, Кыргызстан чоң утулууга кабылат.

«Баткен аркылуу коридор берүү туура эмес. Биринчиден, Баткен, Лейлек райондору, Сүлүктү шаары толугу менен анклавда калып калат. Экинчиден, алар Сох-Риштан багыты боюнча коридорду дарыянын боюнан сурап жатпайбы. Муну менен коңшу өлкө сууну толук көзөмөлгө алганга шарт түзүлөт. Биздин стратегиялык жолду да көзөмөлдөп калат. Ушундай эле жагдай Ворухта да бар. Алар анклавды өзүнүн негизги аймагына бириктирүүгө аракет кылып келет. Эгерде тараптар коридор тууралуу сүйлөшкөн болсо, ал туура эмес», — дейт Айжигитов.

Айжигитов Сох району Өзбекстан үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилейт. Анткени райондо жалпы 70 миңге жакын адам жашап, аймагында мунай, газ сыяктуу кендер бар.

Copyright © 2017 Maral FM