Connect with us

«Баткен анклав болуп калуу коркунучунда»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Мар 2021 | 716 | 0

Тажик тараптан Лейлек районунун жана Баткен районунун үч айыл өкмөтүн анклавда калтыруу аракети жүрүүдө. Мындай пикирин «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде өзбек тарап Сох-Риштан жолун ача турган болсо, Баткен толугу менен анклав болуп калат. Бийлик буга жол бербей, тараптардын саясаты иште ашпоосу үчүн алдын ала чараларды көрүшү керек.

Исаков чек ара маселесин чечүүдө өзбек тараптын бир аракетин мисал келтирди.

«Өзбекстанда 300 гектардан ашыгыраак жерибиз бар. Алар ошол Баракта жашагандарды көп жактан «бууп» салды. Барактыктар чек арадан өтө албай калды. Кыргызстан менен алакада кыйынчылыктарга дуушар болду. Акыры Кыргызстан Баракты Өзбекстанга берип, башка жер алды. Бирок өздөштүрүлгөн жер менен өздөштүрүлбөгөн жердин айырмасы бар», — дейт Исаков.

Ал белгилегендей, Өзбекстанда 4 миллиондой этникалык кыргыз жашайт. Башка элдер мындайды саясатка таасир этүүдө курал катары колдонот. Бирок Кыргызстан «аны бер, муну бер» деген алешем саясатын токтотушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM