Биз менен байланышыңыз

Токтогулда болгон жол кырсыктан 2 адам каза болуп, 5 адам жабыркады

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 616 | 0

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда болгон жол кырсыктан 2 адам каза болуп, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Малым болгондой, 11-март күнү саат 15:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 250-чакырымында «Тоyota Windom» жана «Toyota Previa» унаалары кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1948-жылы туулган карыя, 1988-жылы туулган жигит каза таап, 3 эркек, 2 аял ар кандай жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары каза болгон адамдардын сөөктөрүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM