Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан Өзбекстандын арты менен транзиттик деңгээлин өнүктүрө алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Мар 2021 | 466 | 0

Кыргызстан Өзбекстандын арты менен транзиттик деңгээлин өнүктүрө алат. Мындай пикирин мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында,  Кытайга коон, гилас жана унду ири көлөмдө сатууга келишимдер бар.

«Өзбекстан менен биргеликте Кыргызстанда коон, гилас өстүрүп, Кытайга экспорттого мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби Кытай менен Өзбекстан чектешпейт. Кыргызстанда кайра иштетүүчү заводдорду ачып, Өзбекстандан чийки заттарды алып келип иштетүүгө болот. Өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатуу багытындагы долбоорлорду сунуштоо зарыл», — дейт Токтогазиев.

Ал Кыргызстандын Евробиримдикке продукция сатуу артыкчылыгы бар экенин, бул багытта Өзбекстан эми гана сүйлөшүүлөрдү баштаганын белгиледи.

Кыргызстан өзүнүн артыкчылыктарын толук колдонсо, дыйкандарга да, кайра иштетүү ишканалардын түзүүгө да жакшы шарттар түзүлүп, өндүрүмдөрдү экспорттоо жеңилдемек.

Copyright © 2017 Maral FM