Биз менен байланышыңыз

«Манас» университетинде COVID-19 Диагностикалык борбору ачылды

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 606 | 0

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин базасында Ден соолук жана COVID-19 Диагностикалык борбору ачылды. Бул тууралуу окуу жайдын «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жарыяланды.

​Борбордун ачылышына Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Кыргызстандын  Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, «Манас» университетинин ректору Алпаслан Жейлан, биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев катышты. ​

Кошумчалай кетсек, 10-мартта Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстанга расмий сапары менен келген. Ал өзү менен кошо ири ишкерлерди да ала келип, президент Садыр Жапаровго жолуктурду. Ошондой эле премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушуп, соода-экономикалык кызматташууну талкуулады.

Мындан сырткары президент Садыр Жапаровдун Анкарага жасай турган сапарында 10го жакын стратегиялык келишимге кол коюлары күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM